Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 19-майда чагылгандын соккусуна кабылып, бейтапканага жаткырылган окуучунун абалы жакшы. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда SUPER.KG порталына Аксы райондук аймактык оорукананын башкы дарыгери Медербек Осмонов билдирди.
"19-май күнү Б.Турсунбеков деген окуучуну бейтапканага алып келишти. Моюну бир аз күйүп калыптыр. Азыр абалы жакшы. Дагы 1-2 күн дарыланып, абалы турукташкандан кийин үйүнө чыгарылышы мүмкүн", - деп билдирди Осмонов.
Эске салсак, буга чейин Өлөң-Булак айылындагы жайлоодо эки өспүрүм балага чагылган тийип, бири каза болгону айтылган.