Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Фархад Бекманбетов кызматтан бошотулду. Бул тууралуу бүгүн, 24-майда өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык Бекманбетов өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.
Тийиштүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Эске салсак, ал 2016-жылдын 16-февралында аталган кызматка дайындалган.