ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте жарнамалык баннерлерде одоно ката бар" дейт окурман

"Бишкекте жарнамалык баннерлерде одоно ката бар", - деп билдирди окурман SUPER.KG'ге WhatsApp аркылуу.

"Кыргызча ушинтип "иш таштоо баалар" деп которушуптур. Бирок эмне деп айткылары келгенин түшүнгөн жокмун. Мындай жарнамалык баннерлерди негизи ким көзөмөлдөйт?" - деп суроо салган окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (19)
bema10
2017-05-24 18:35:09
Чынын айтсам, коп создорду ушундай жарнамалардан уйрондум, кыргызда ушундай создор бар экенин
+6
Asyl.jazi
2017-05-24 19:57:44
кыргызча-орусча переводчик дегенден которгон окшойт
+3
Seryi-Kardinal
2017-05-24 20:38:19
Бааларга карай сокку болуш керек. Уктоочу керебеттер болот
+3
mirbek2211
2017-05-25 12:55:17
Seryi-Kardinal,Туура котордунуз, азамат.
0
Kroxa
2017-05-24 20:55:28
Спальный диванды уктоочу болмо деп которот бекен??уят сыйтты жыйыштырып койуп жазгандан коро орусча эле илип койгула да..ушул кантип брлсун иш таштоо баалар-удар по ценам:-):-) уят кылышат да анан,ушундай сабатсыз котормочулар..
+1
barsbegKG
2017-05-24 21:09:36
Бир оюңду айтайын десең уруп ойнобойт. Балык башынан сасыган
0
Adi8928
2017-05-24 21:17:07
Ушул рекламаларды жазгандар аябай коп акча сурашат жаздырсан анан акчаны алып эптеп жазып койушат.Алардын билимин жогору болсо туура жазышмак
+1
Azatbek83
2017-05-24 22:55:43
Орус ойундагысын кылат демекчи Кыргызда ойундагысын кылган окшойт.
0
aselushka
2017-05-24 23:20:15
Албарстыны бастым дегендей жаны создор
0
nur_kadyr
2017-05-24 23:53:42
Мындай каталар корунгон жерде илинип турат,ал турсун телевизор коруп калсан кыргызча каталар коп кездешет."Буларды козомолдогон эч ким жокпу,кайран кыргыз тилим ай!"- дегенден башка эч нерсе дей албайсын.
+1
Jangazy
2017-05-25 00:45:07
уят
0
Asat17
2017-05-25 00:54:16
Ката жазылган жарнамалар коп, орус тилдуу уй булоодо чонойгон оспурумдор бул жазууларды кабыл алышат да бая 1+1=3деген жарнама чыкты эле го, ошо сыяктуу андай эмес мындай телевизордон, рекламаларда жазылып турат го деп туура эмес тарбия болот да.
+1
bema10
2017-05-25 03:19:56
Asat17,туура айтасыз.
0
lovvver
2017-05-25 03:52:15
Asat17
1+1 чын эле 3 болот да,)))
0
Hadyja
2017-05-25 12:00:13
Туугандар,келгиле озубуз которуп коробуз:менин которгонум боюнча:Бааларга чабуул!жана-уктоочу эмеректер!Ката кетирсем,ондоп койгула
+1
pero123
2017-05-25 13:09:12
өзү полиграфияда жалаң окубаган сабатсыз ХХХ иштейт.чүлдүрөп орусча сүйлөп кыргызчаны ката жащат!.мен былтыр ош шаарында 10 дон ашык уч.центрге полиграфияларга бардым бири да кыргызча так даана туура кылып резюма жазганды билбейт экен
-1
admin_superstan
2017-05-25 16:01:16
pero123, этика нормаларын сактаңыз.
0
pero123
2017-05-25 23:46:31
же эмне силер да полиграфияда иштейсиңерби же кыргызча билбейсиңерби?биздин коментарийибизди окуп уялып өздөрүн оңдошсун да.!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан