Бишкекте 26-майдан 29-майга чейин Муса Жангазиев атындагы куурчак театры жана Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу менен "Так-Теке 2" эл аралык фестивалы болот. Ага Орусия, Казакстан, Өзбекстандан жана Кыргыздын аймагындагы куурчак театрлар катышат. Иш-чара Орусиянын маданий ишмери, Москвадагы куурчак театрынын биринчи көркөм жетекчиси Виктор Швембергердин 125 жылдыгына карата уюштурулууда.
Бишкектеги Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрында өтө турган фестивалдын программасы, кирүү акысыз.
26-май саат 10:00. Маданият министрлигинин алдында фестивалдын ачылышы болот. Куурчактардын катышуусунда ырлар аткарылып, бийлер көрсөтүлөт.
11:30. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.
14:00. "Каштанка" спектакли. Алматыдагы куурчак театры.
16:00. "Күтүлбөгөн конок" спектакли. "Рабаят" куурчак театры.
27-май саат 10:00. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.
12:00. "Айжан чоң эненин жомоктору" спектакли. Мангистау облустук куурчак театры. (Казакстан)
15:00. "Бахорой менен Навруз" спектакли. Өзбек мамлекеттик куурчак театры.
28-май саат 10:00. "Машенька менен аюу" спектакли. Москва облустук мамлекеттик куурчак театры.
12:30. "Кичи пейил турна" спектакли. Муса Жангазиев атындагы куурчак театры.
15:00. Жолборстайдын жоруктары спектакли. Ош облустук куурчак театры.
29-май күнү саат 15:00дө фестивалдын жабылуу аземи болот.