Жакын арада Windows операциондук системге болгон хакердик чабуулдан жабыркагандардын чыгымы жалпысынан 1 миллиард доллардан ашты. Бул тууралуу McClatchy маалымат агенттиги америкалык эксперттерге шилтеме берүү менен жазып чыккан.
Алардын айтымында, 12-майда башталган кибер чабуулда колдонулган компьютердик вируска 150 өлкөдө 300 миңден ашуун компьютер кабылган. Муну менен бирге, америкалык адистер хакерлер ушундай эле иш-аракеттерди дагы кайталашы мүмкүн экенин белгилешкен.
"WannaCry вирусу алгачкы 4 күндүн ичинде 1 миллиард доллардан ашуун чыгым алып келген, анын айынан дүйнө жүзү боюнча ири өндүрүштүк уюмдар да өз ишин токтотушкан", - деген KnowBe4 компаниясынын башчысы Стью Сьюверман.
Өзүлөрүн Shadow Brokers деп атаган хакерлер тобу "АКШнын улуттук коопсуздук агенттиги хакердик чабуул үчүн иштеп чыккан программасы" деп, программалык камсыздоо жарыялашкан. Адистердин ою боюнча, алар ошол эле программаны жакшыртып, WannaCry вирусун иштеп чыгышкан.
Эскерте кетсек, вирус колдонуучуларга 3 күндүн ичинде талап кылынган 300 долларды төлөшпөсө, бааны 2 эсе көбөйтүү менен коркутуп, эгер 7 күндүн ичинде которушпаса, бардык файлдарды өчүрүп салуу менен коркутары белгилүү болгон. Эксперттердин маалыматы боюнча, хакерлердин эсебине 302 которуу болгон, жалпысынан 116 миң 500 доллар которулган.
Ал эми Кыргыз жергесинде бул вирустук программадан жабыркагандар каттала элек.