Өлкөдө шайлоолорду ачык-айкын жүргүзүүдө комплекстүү иш алып баруу зарыл экендигин бүгүн, 14-майда “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү стратегиясы боюнча Улуттук кеңештин жыйынында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев билдирди. Ошондой эле өкмөт башчы шайлоо партиялык тизме боюнча эле жүрүп, бирок округдарды кайра калыбына келтирүү керектигин да баса белгиледи. “Депутаттар өздөрүнүн айылына гана көңүл буруп калганы баарыбызга белгилүү. Шайлоону таза өткөрүүгө өкмөт даяр. Таза шайлоо жүргүзүү үчүн бардык шарттарды түзүүгө биз даярбыз”,- деди өкмөт башчы.