Бүгүн, 25-майда парламентте “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын депутаты Тазабек Икрамов 2009-жылга чейинки сугат айдоо жеринде салынып калган үйлөрдүн жерин трансформациялоо боюнча маселени карабай жаткан өкмөт мүчөлөрүнө чара көрүүнү сунуштады.
“Үйлөрдү трансформациялоо боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, ага 6 фракциядан 6 депутат катышканбыз. Биз комиссия мүчөлөрү, бул маселени тактап жерине барып көрүп келгенбиз. Кол коюп 24-апрелде өкмөткө өткөрүп берип, материал агрардык бөлүмгө түшкөн. Бирок агрардык бөлүмдүн башчысы Таалайбек Далбаев өзү да карабай премьер-министрге маалымат бербей, азыркы мезгилге чейин кармап турат. Эми биз бул маселени Жогорку Кеңеште көтөрүп, мыйзам долбоорун 2-окууга алып кирели деп, кат жолдосок Далбаев өкмөт башчыга тастыкталбаган тескери маалымат берип, азыркы мезгилге чейин тоскоолдук кылып, каралбай турат. Ошондуктан бул трансформациялоо маселесин аягына чыгыш үчүн эртең кечикпей материалдарды өкмөт алып келсин. Биз биринчи күнү комитетте 2-окууда карай турган бололу. Ал эми агрардык бөлүмдүн башчысынын, Чүй облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басарынын ээлеген кызматы боюнча чара көрүлсүн”, - деди ал.