13-майда Чүй облусунун Аламүдүн районунан Фольксваген Гольф-2 унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, каршылаш тараптан келе жаткан Форд Фокус унаасын сүзүп алган. Кырсыктын кесепетинен Фольксваген унаасынын ээси, 22 жаштагы Бекзат Б. менен ушул эле унаанын жүргүнчүсү 23 жаштагы Жазгүл О. ооруканадан эсине келе албаган калыбында көз жумду. Ал эми Форд Фокус унаасынын айдоочусу оор жаракат менен аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Тергөө иштери жүрүп жатат.