Быйыл балдардын жайкы эс алуусуна бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү

Быйыл балдардын жайкы эс алуусуна бюджеттен 5 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда парламенттин жыйынында өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Ашырбек Темирбаев билдирди.

Анын айтымында, вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова балдардын жайкы эс алуу каникулун уюштуруу боюнча чоң жыйын өткөргөн. Темирбаев 582 лагерь 24 миң балдарды кабыл алууга даяр экенин белгиледи. Ал эми алардын коопсуздугун сактоо үчүн Ички иштер министрлигинен 1 255 кызматкер тартылат. Ошол эле учурда Чоң-Алай районунда кырсыктан жабыркагандардын балдарынын эс алуу жайларына баруу тизмеси такталды. Алар 1-9-класстын мектеп окуучулары. Учурда лагерге бара турган балдардын жалпы тизмеси такталып, тарбиячыларды даярдоо маселеси жүрүп жатат. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин буга чейинки жыйынында КСДП фракциясынын депутаттары Евгения Строкова, Айнуру Алтыбаева көтөрүп чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
nurik11-29
2017-05-25 13:20:14
кимдин балдары эс алат мынча акчага?андан коро ошол акчаны Кырсыктан жабыркагандарга эле болуп берип койсо жакшы болмок
-1
Ayida
2017-05-25 13:23:33
Кандай кимдин балдары эс алат???
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан