КҮНСЕРЕП: Өкмөт өңгөнү коюп жол оңдосун

Бүгүн, 25-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев Бишкек шаарындагы “Аккула” ат майданын оңдоого 300 миллион сом бөлүнөрү үчүн өкмөттү сындады. Эл өкүлү мамлекеттик бюджетти бөлүштүрүүчү чиновниктер, жалпы эле өкмөт приоритеттүү багыттарды туура тандабай жатышканына нааразы болду. Депутаттын пикири боюнча, "Аккулага" кетчү миллиондор жол коопсуздугуна жумшалганы туура болмок. Май айынын башында премьер-министр Сооронбай Жээнбеков модернизациялоо боюнча жумушчу жыйын өткөрүп, анда ипподромду реконструкциялоого 300 миллион сом керектиги айтылган. Мындан көп өтпөй Каржы министрлиги ушул көлөмдөгү акча каражаттын бөлүнөрүн билдирген. Бишкек-Ош жолу, Бишкек-Талас жолу өңдүү элдин турмуш-тиричилиги үчүн абдан маанилүү кан жолдордун абалы өтө начар. Алардын оңдолбой жаткандыгын каражаттын жетишсиздиги менен түшүндүрүп келишет. Жолдордун абалынын начардыгы өмүрлөргө коркунуч келтирип, жол кырсыктарына себепчи болуп, канчалаган адамдардын өмүрүн алып жатат. Өкмөт эки жылда бир ирет шаан-шөкөт, тойлор өткөн Чолпон-Атадагы ипподромду же майрамдарда эл чогулган ат майданга караганда биринчи кезекте ушундай негизги көйгөйлөрдү чечүүсү зарыл. Албетте, "Аккуланы" да оңдоп, адам өмүрлөрүнө коопсуз жайга айландыруу керек. Бирок ал күн сайын миңдеген адам каттаган кан жол эмес, күтө турса болот. Үстүбүздөгү жылдын апрель айында Көк бөрү федерациясынын президенттигине Икрамжан Илмиянов шайланган. Өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин жакын адамы, өлкөдөгү тагдырды чечүүчү таасирдүү адамдын амиринен улам "Аккулага" жыртык-тешиги көп бюджеттен 300 миллион сом табылып кеттиби деген суроо жаралат. Илмиянов келерки президенттик шайлоодо КСДПдан талапкер Сооронбай Жээнбековдун штабын жетектей турганы айтылууда. "Аккуланы" оңдоону партия шайлоо кампаниясында Жээнбековдун жетишкендиги катары көрсөтүшү мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан