Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 25-майда өлкөнүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлерине Бишкекте курулган көп кабаттуу турак үйдүн ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өз сөзүндө мамлекет башчысы чекисттерди жаңы конушу менен куттуктап, бүгүн алар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн чыныгы майрам экенин белгиледи.
"Албетте, бул мен үчүн да майрам, анткени башта кандай кыйын болгону эсимде. Биздин күч кызматтары үчүн турак үй кура баштаарыбызга көп адамдар ишенген эмес. Бүгүн болсо күч органдарынын кызматкерлерине көп кабаттуу үйлөрдү куруу кадыресе көрүнүшкө айланды, бул иш системдүү мүнөзгө ээ болду жана өлкө улам өнүккөн сайын күчөө үстүндө болот", - деди президент.
Президент УКМКнын кызматкерлерине кызматы үчүн ыраазылыгын билдирип, алардын ак ниет ишине жараша атайын кызматтардын беделин арттыруу, жарандардын коопсуздугун камсыз кылган түзүмдөрдү калыптандыруу мүмкүн болгонун кошумчалады.