Максим Бакиевдин жакындарына таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтү узартылды

Бүгүн, 25-майда парламентте “Кыргызстан” фракциясынын депутаты Канат Исаев Максим Бакиевдин жакындарына таандык мүлктөр маселесин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын ишинин мөөнөтүн 30-июнга чейин узартып берүүнү сунуштады.

“Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Таабалды Тиллаев Тайырбек Сарпашевдин тагдыры эмне болоруна кызыкты.

Канат Исаев Скрябин көчөсүндө жайгашкан жер тилкесинен башка 15тей объект бар экенин белгиледи. “Тергөө иштериндеги, прокуратура, сот тарабынан кетирилген каталардан улам объекттер улутташтырылбай калган. Документтер даярдалып жатат. Аталган органдардан жооп келе элек. Толук кандуу изилдеп чыгып Жогорку Кеңешке алып чыгууну туура көрдүк. Тайырбек Сарпашев боюнча Жогорку Кеңеш өз оюн билдириш керек”, - деди Исаев.

Жыйынтыгында комиссиянын мөөнөтүн узартууга 71 депутат колдоп добуш берди.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратурага мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Тайырбек Сарпашевди кызматтан алуу боюнча сунуш берген. Буга Максим Бакиевдики делген Скрябин көчөсү, 45-45-а дарегинде жайгашкан жердин аресттен чыгып, сатылып кетиши себеп болгон. Бирок Сарпашев эч кандай күнөөсү жок экенин айтып келүүдө. Мындан улам мекемелер аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын жыйынтыгы бир айдын аралыгында чыгары күтүлгөн. Ал эми Тайырбек Сарпашев убактылуу кызматтан кетип туруу боюнча өкмөт башчыга арыз жазганын билдирген. 13-февралда өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Сарпашевдин жазган арызынын негизинде убактылуу кызматтан бошотуу тууралуу жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан