Эвересттин чокусуна болгону 200 гана альпинист кычкылтек баллонсуз жана аркансыз чыга алган. Испаниялык Килиан Хорнет дүйнөдөгү эң бийик чокуга 26 саатта чыкканын анын өкүлү билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Көздөгөн максатына жетүүгө альпинист алгач 2016-жылы аттанган. Анда ал 8846 метр бийиктикке альпинисттердин жолу менен чыккан.
The Independent басылмасы, чокуга чыгуу үчүн 2-3 жума убакыт кетерин билдирген. Ошол эле маалда бир нече альпинист жана жергиликтүү шерп элдеринин 2 өкүлү аталган чокуга 13 саатта чыгышканын айтышкан. Бирок алардын сөзү расмий түрдө такталбай, талаш жаратып келет. "Моя планета" басылмасы шерп элдери бийиктикте жашоого көнүп, организми бир аз башкача иштерин жазган.
"Биздин божомолубузда Килиан Эверестти багындыруу боюнча жаңы минималдуу убакытты көрсөттү. Ал кычкылтек баллонсуз, аркансыз 26 саатта чыкты", - деди Хорнеттин өкүлү Лаура Фронт.
"7700 метрге чейин өзүмдү жакшы сезип, ойдогудай чыгып бара жаткам. Бирок кийинчерээк абалым начарлап, ылдамдыгым төмөндөдү", - дейт альпинист.
Азырынча Килиан Хорнеттин эрдигин Кытай тибеттик альпинизминин ассоциациясы тастыктай элек.
Белгилей кетсек, "Гиннесстин рекорддор китебине" италиялык альпинист Ганс Каммерландердин ийгилиги киргизилген. Ал тоонун чокусуна 1996-жылы 16 саат 45 мүнөттө чыккан.