Токтогул районунда суу жеп кеткен 2 көпүрө калыбына келтирилди

Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда суу жеп кеткен 2 көпүрө калыбына келтирилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагында 24-май күнү саат 05:00 чамасында Кен-Туулук суусунда суунун көлөмү көтөрүлүп, Ак-Жар айылындагы ички чарбалык жолго курулган 4 көпүрөнү суу жеп кеткен. Натыйжада ички чарбалык жол убактылуу жабылган. Бүгүнкү күндө 2 көпүрө калыбына келтирилди", - деп билдирди басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жаандан улам пайда болгон сел айылдагы 4 көпүрөнү бузуп кеткен. Ички чарбалык көпүрөлөрдү калыбына келтирүүдө атайын техника тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан