14-майда Бишкектеги “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында төрага Асылбек Жээнбеков 2013-2017-жылдардагы Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиясын ишке ашыруу тууралуу өкмөттүн программасы Жогорку Кеңешке келбегендигин билдирди. “Улуттук стратегия боюнча министрликтер эмне иш кылып жатканы белгисиз”,- деди төрага. Ошондой эле ал Улуттук стратегия республикалык масштабдагы ири долбоор болуп эсептелгендиктен, негиздүү программаларды ишке ашырууну элге жөнөкөй тил менен жеткирүү керек экендигин белгиледи.