Бүгүн, 25-майда парламенттин жыйынында “Республика – Ата Журт” фракциясынын депутаты Экмат Байпакбаев вице-спикер Данияр Төлөновго “сыналгыңыз көрсөтүп жатабы?” деп сурады.
Көрсөтпөй жатканын уккан Байпакбаев Жогорку Кеңештин иш башкармалыгына нааразы болду.
“Биз санариптик телеберүүгө кошулдук беле? Эмнеге сыналгыларыбыз көрсөтпөй жатат? Бизди санарипке кошобуз деп унутуп коюшкан го. Жогорку Кеңеште санариптик телеберүү жок болсо анда айыл жерлеринде эмне болуп жатат? Эки жылдан бери санарипке өтөлү деп жан талашып отурабыз. Парламенттин жыйынына иш башкармалыктын жетекчилерин чакырып маалымат угалы”, - деди ал.
Данияр Төлөнов тапшырма бериле турганын айтты.