SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Алкоголдук ичимдиктердин, чылымдын, насвайдын зыяны" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Тамеки ден соолукка эң чоң зыян алып келет. Жаңы тамеки чегип баштаган адамга, тез-тез чегүү өнөкөткө айланат, себеби андан өзүн жакшы сезе баштайт. Анын түтүнүндө эле 3000ге жакын элементтер бар экен, 16сы рак оорусуна алып келет. Ар дайым чылым чеккен адамдар ангина, инсульт, рак, ар түрдүү ашказан оорулары менен көп ооруйт. Бара-бара даам, жыт сезүү органдары, көздүн көрүүсү начарлайт. Тиштердин кыйроосуна алып келет жана дененин түсү да өзгөрө баштайт. Өзүн күчтүүмүн деген эрктүү адамдар бул зыян нерсени тез эле таштап коюшат. Ал эми аялдардын тукумсуз болуп калышына алып келет. Эгерде өз алдыңызча эч эле таштай албасаңыз, анда дарыгерлерге же психологдорго кайрылсаңыз туура болот".
"Алкоголь адамдын денесиндеги витаминдерди жок кылат. Боору ооруган адам эч качан спирт ичимдиктерин өзүнө жолотпошу керек. Ошондой эле ичимдик эркектерди "алсыздыкка" алып барат".
"Эркектердин тамеки чегип, арак ичүүсү анча деле өөн кабылданбайт. Кыздардыкы болсо башкача. Эркектердеги калыптанып калган түшүнүк боюнча: тамеки чеккен кыз арак ичет, арак ичкен кыз төшөккө жеңил кирет, төшөккө жеңил кирген кыз эркекке канчалык даражада элес калтырарын кыздар да, эркектер да өздөрү жакшы билет. Ар дайым кыргыздын генетикасын эстей жүрүңүздөр".
"Тамекинин күнүмдүк турмуштагы зыяндары:
1. Чылым үй-бүлөлүк казынага зыян келтирет. Бир күндө 10 сомдук тамекиден бир куту чеккен адам айына 300 сом, ал эми бир жылда 3650 сом сарпталат;
2. Балага терс тарбия берүү, ага терс үлгү болуу. Ырас, атасы чылым чеккен соң баласынын муну адатка айлантпашына эч ким кепилдик бере албайт;
3. Убакытты туура колдоно албоо. Бир даана тартуу үчүн 3 мүнөт кетсе, бир күндө бир куту тамеки үчүн бир саат, бир айда 30 саат, бир жылда 365 саат убакыт текке кеткен болот;
4. Тамеки көз карандылыкты пайда кылат. Тамеки чеккен адам белгилүү убакыттан кийин анын курмандыгына айланышы толук ыктымал;
5. Чылым чеккен адам ар качан жагымсыз жыттанып жүрөт".
"Тамекинин ден соолукка тийгизген терс таасирлери:
1. Тиштин бузулушуна жол ачат;
2. Чач-тырмактарга да олуттуу зыян алып келет;
3. Беттин терисин былбыратып, сулуулугун жоготот;
4. Жүрөк, өпкө, бөйрөк ооруларына чалдыктырат;
5. Ашказандын начарлашына алып келет;
6. Рак оорусуна да жол ачат".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.