Бишкекте №61-мектептин мугалими педофилдикке шектелүүдө

Бишкек шаарындагы №61-мектептин мугалими педофилдикке шектелип жатат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматынын жетекчиси Адыл Оморов билдирди.

“Окуя 24-май күнү болгон, 8-класста окуган кыздын апасы ошол эле күнү милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун арызына ылайык, мектептин мугалими сабак учурунда окуучуларды доскага чыгарып, сабакты сурап жатып, башка окуучулардын көзүнчө кызынын абийирдүү жерине колун тийгизип тийишкен. Ал эми тергөөчүлөр мугалимди суракка алган учурда, ал байкабай тийип алган болушу мүмкүн экенин, бирок кара өзгөйлүк менен атайылап андай мамиле кылбагандыгын айткан”, - деди Адыл Оморов.

Учурда териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди Оморов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
jonne
2017-05-25 16:28:06
Штраф салсын 5000 сом
-3
souza.j
2017-05-25 16:36:05
Педофил окуучулардын козунчо тийишкен, курулай жалаа болуш керек. Кантип эле агай ошентип калсын.
+17
omurbek1990
2017-05-25 16:50:14
Мен ойлопмун жалгыз камап тийишкенго деп. Элдин козунчо кантип тийишип калсын.
+12
aibars
2017-05-25 16:55:24
Тушунуксуз, кантип сабак учурунда окуучуларга колу жакындайт? Мугалим соз менен тушундуротко, колу менен доскага жазат.
+5
AIZAD
2017-05-25 17:15:01
Коассташтарынын алдында уят кылыптыр да, баары бир жоопко тартылсын!!! Агайды коргон балдар кызды мазактап андан жаман кылбайбы!!
+6
nur_zhoni
2017-05-25 21:18:09
AIZAD, туура айтасын биздин классташ кыздардыда урушчу боюнар зөңкүйүп төшүңөр чыгып эми эле деп урушчу эжекебиз
+1
ayjan_90
2017-05-25 21:42:37
Постава го акча ондуройун дегенго апасы
+3
ayjan_90
2017-05-26 03:15:36
Мындай шылуундар коп азыр откондо эле менин инимди да бир кошуна колун тийгизиптир кызыма педофил экен деп арыз жазган биз кечирим сурап кызды экспертизадан откорсок таптаза болуп чыкты иним да мен бул кызды колун кармаган эмесмин десе ишенбеген элек бирок кептин баары акчада экен апасы акча ондуруп бизден карыздарын жабайын деген экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан