Бишкек шаарынын четиндеги Ак-Ордо конушундагы суу түтүктөрүн алмаштыруу иштери кайра жанданды. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык коомдук мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Сталбек Өмүрканов билдирди.
"Ак-Ордо конушундагы Каркыра көчөсүнө суу түтүгүн орнотуу боюнча ишти 15 күн мурда баштаганбыз. Бирок бул ишти аткаруу жоопкерчилигин алган компаниянын жетекчисинин жакыны каза болуп, иш 15 күнгө кармалып калды. Айылдын аксакалдары да маселени коюп келишкен эле. Мен аларга абалды түшүндүрүп, элден кечирим сурадым. Бүгүн тиешелүү кызматтар келип, кайрадан жумуш башталды. Курулуш иштери жүргөндүктөн жашоочуларга ыңгайсыздык жаралууда. Айыл эли буга сабыр кылып турушу керек. Жакынкы күндөрдө жумуш аягына чыгарылат", - деп билдирди Өмүрканов.
Маалыматка ылайык, калктуу конушта казылган жердин узундугу 230 метрди түзөт.
Эске салсак, буга чейин окурман "Элдик кабарга" "1 ай мурун суу түтүкчөлөрүн жаӊылоо үчүн иш башталып, бирок казылган жерлерге түтүгү орнотулбай, жашоочуларга ыӊгайсыздык жаралууда" деп билдирген.