ЖЫЛНААМА, 25-МАЙ: 51 жыл мурун советтик геолог, минералог, петрограф, геохимик Дмитрий Щербаков каза болгон

Мындан 51 жыл мурун, 1966-жылы 25-майда советтик геолог, минералог, петрограф, геохимик Дмитрий Щербаков каза болгон.

Ал 1893-жылы 1-январда Орусиянын Брянск облусунун Новозыбков шаарында туулган. 1911-жылы Санкт-Петербургдагы гимназияны аяктап, Политехникалык институттун металлургиялык бөлүмүнө тапшырган. Окуусу менен бирге 1913-жылдан баштап Крымдагы жанар тоо породаларын изилдөө лабороториясында иштей баштайт. 1919-жылы граждандык согуштун айынан Крымдагы университетке которулуп, окуусун улантат. Окуу менен катар 2 жылдан ашык окуу жайдагы профессордун жардамчысы болуп иштейт. 1921-жылы окуусун алтын медаль менен аяктап, илимий кызматкер катары Санкт-Петербургдагы Өндүрүш күчтөрүн изилдөөчү комиссиянын курамына кошулуп, илимий экспедицияларга чыга баштайт. 1922-1923-жылдары Орто Азияга болгон экспедицияда геохимиялык бөлүмгө башкы радиолог болуп дайындалат. 1928-1938-жана 1953-1963-жылдарда СССРдин Илимдер академиясынын Тажик-Памир, андан кийин орто азиялык илимий экспедицияны жетектеген. Ал жетектеген топ 1954-жылы Кыргыз мамлекетинин түштүгүнөн сурьма жана сымап кенин ачышкан. Бул жетишкендиктери үчүн ал 2 жолу Ленин орденине жана бир нече медалдарга татыган. Анын ысымы минералдык затка берилип – “щербаковит” деп аталат.

Анын эмгеги үчүн Кыргыз өлкөсүнөн тышкары Индия деңизинин алдындагы тоого жана Антарктидадагы Орвин тоолоруна ысымы ыйгарылган.

25-майга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан