Аюу айылында көчкү алдында калган маркумдардын кыркы белгиленди

Аюу айылын көчкү басып калганына бир айдын жүзү болуп калды. Айыл эли каза болгон жакындарына 23-24-май күндөрү кыркылык өткөрүштү. Айылдагы тургундар менен байланышканда бизге айылдын азыркы абалы тууралуу буларга токтолушту.

“Аюудан көчүп, Жаман-Адырга барат экенбиз

Мухидин Назыбаев, Аюу айылынын тургуну:

- Каза болгон бир туугандарыбызга жалпы куран түшүрүп, кыркылыгын белгиледик. Азыркы учурда айылдагылар бир аз кырсыктын кесепетине моюн сунуп калышты окшойт. Азыр деле чатырларда жашап жатабыз. Алдыбыз сыз, суук болуп жатат. Ошол үчүнбү, айтор, айылдагылар баары бир жолудан сасык тумоо менен ооруп чыгышты. Кээ бирлери азыр да ооруп жатышат. Өткөндө ӨКМдан калың жана кечкисин жылуураак болгон 5 чатыр беришкен. Аларды туугандары каза болуп жабыркагандар алдык. Кичине болсо да жакшы экен. Бирок жаныбыздагылар үшүп кыйналып жатса аларды көрүп жашай албайт деле экенсиң.

22-майда тийиштүү кызматкерлер келип, бизди кайда көчүрө тургандыгын айтып кетишкен. Аны уккан элдин маанайы бузулду. Себеби биз көчүп бара турган айылда суу маселеси кыйын экен. Эгер ал жерге барсаңар иче турган таза сууңарды чыгарып беребиз дешти. Ал эми үй салганга колдонуучу сууну 14 чакырым алыс жерден ташып, турак жай курат экенбиз. Ал жердин аты “Жаман-Адыр” деп аталат экен. Атына заты жарашкан жер болуп жатканы бизди да түйшөлтүп жатат. Айылдагылар барып, көрүп келип жатышат окшойт.

Жеке өзүмдү айтсам, мен ата-энемден бөлүнүп өзүнчө үй салып көчүп жашап жаткам. Ал үйүбүз да көчкү алдында калды. Азыр жубайымдын 5 айлык боюнда бар. Эми ал көз жаргычакты үйдү куруп жетише аламбы деген ой баш оору болуп жатат. Бир жагынан апам жана эки иним да эч нерсеси жок калды да. Эми ойлоп көрсөңүз 14 чакырым алыстыктан суу ташып эки үйдү сала аламбы?

Окуя болгон күнү мен Орусияда болчумун. Мага телефон чалышып, көчкү түшкөнүн айтышты. Биз келип эле ызы-чуу түшкөн айылдан атам менен карындашымды таппай калдык. Ал эми башка аталаш тууган байкемдин үй-бүлөсүнөн эч ким калбай көчкү алдында калышыптыр. Жеңем, байкем жана алардын 4 баласы бар болчу. Биринчи күнү карындашымдын сөөгү табылган. Экинчи күнү байкем төрт баласы менен табылды. Жеңемдин сөөгү табылбай калды. Эми айылда жашоонун кызыгы кетти. Айла жок экен башка салганды көрүп жатабыз.

“Жер маселеси ушул жуманын аягында чечилет”

Заргер айыл өкмөт башчысы Динмухаммед Бокошевге байланышканыбызда, акыркы көрүлүп жаткан иштер боюнча буларга токтолду.

- Айыл элинде жашоо турукташып калды. Бизде негизги маселе жер болгондуктан, буюрса, ушул жумада ал маселе чечилип бүтөт. Ал эми чатырда күн көрүп жаткан жашоочулар үчүн ӨКМнын мобилдүү үйлөрү бар. Бизге ошондон 90 даана үй берүү боюнча сунуш кат жөнөткөм. Эми алар күнүгө экиден каттам кылып, 90 үйдү биздин кооптуу деп үйүнөн чыгарылган жашоочуларга тигип бермей болушту.

Айылдыктар болсо айдоо, себүү иштерди бүтүрүштү. Ошондой эле Аюу айылынын саламаттыгы үчүн дагы да болсо дарыгерлер аталган жерде кызмат кылышууда. Айылда көчкү түшкөндөн кийин жолдор жабылып, ары бери өтүш өтө кыйын болуп жаткан. Эми ал маселе дагы чечилип, чатырлар тигилген жерден баштап, көчкү болгон кырды аша жол салынганы жатат. Ал эми көчкү астында табылбай калган адамдар жыттанып, коопсуздук жаратпашы үчүн күнүгө хлор чачылып жатат.

“Көчкү түшүп келе жатканын көрүп үйгө чуркадым”

Анвар Коргонбаев 9 бир тууганынан ажырап, айласы кетип турганын айтат.

- Көчкү түшкөн күнү эртең менен малды короодон чыгарып, үйдү айланып кирип келе жаткам. Аңгыча эле жер көчүп, ылдыйлап келе жатканын көрдүм. Үйгө чуркап кирип, эки кызымды жана аялымды тургузуп эшикке чыктым. Биз чыксак жаныбыздагы байкемдерди, кошуналарды көчкү басып калган экен. Боз ала чаң болуп эшик кара туман каптагандай эле көзгө эч нерсе көрүнбөй калды. Менин үйүмдүн тушунда эле бир тууган иним үй-бүлөсү менен, бизден алысыраак жерде улуу агам жашачу. Кырсык деген каш-кабактын ортосунда деген чын экен. Чуркап үйгө киргенде үйлөр бар болчу. Кайра чыксам, жер тыптыйпыл болуп топурак эле жатат.

Өзүмдүн үйүмдүн ичине суу толуп калды. Көчкү болгондон кийин жерден чыккан суу үйүмдүн ичине толуп, азыр болсо жерге сиңип, жарымына келип калды окшойт. Бул үйдү жаңы салып бүтүп көчүп киргенибизге аз эле болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
suiuktuujar
2017-05-25 21:52:48
Аллахым мындан ары кыргыз элими бөөдө кырсыктан жамандыктан сактачы элим тынч жашасынчы бей күнөө наристелер бейпил жашоодо өмүр сүрүшсүнчү эч бир жан жакынын жоготпосунчу.
+1
NASIKA96
2017-05-25 22:08:52
Оо кудай элиме тынч жашоо бер.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан