18-майда "Элдик кабар" рубрикасына окурман Жайыл районунун Сосновка айылынын мектебинин мугалимдеринен Өзгөн жана Чоң-Алайда болгон кырсыктан жабыркагандарга мажбурлап жардам чогултулганын кабарлаган.
Жайыл районунун билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Элмира Султанкулова бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына аталган башкармалыктын жыйынында жардам чогултуу сунушталганын кабарлады.
"Билим берүү бөлүмүндө 16-майда чогулуш болуп, башкармалыктын башчысы Алик Гасанов мугалимдер арасында өз эрки менен жардам чогултууну сунуштаган. Мажбурлоо тартибинде болгон эмес. Өзгөнгө да, Чоң-Алайга да бир эле жолу жардам чогултулган. "Мугалимдерди кыйнап чогулткула" деп айтылган эмес. Азыр мугалимдерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат", - деди Султанкулова.
Ал эми мектептин директору Гүлнур Кумарова мугалимдерди коркутпаганын айтат:
"Бул кабарды окуп таң калып жатам. Жаратылыш кырсыктарына жардам берүүгө эч кимди мажбурлаган эмесмин. Сүрөттө "тапшырыңыздар" деп эле жазылган "тез арада" же "сөзсүз" деген сөздөр кошулган эмес. Башкармалыктан жардам берүү тууралуу сунуш келген. Мен мугалимдерге "жардам берели, эртең мындай кырсык биздин да башыбызга түшүшү мүмкүн" деп айткам. Айрым мугалимдер Билим берүү башкармалыгы десе эле Алик Гасанов деп түшүнө беришет. Анын аты менен коркутуулар болгон эмес".