Өзгөн районунун акиминин орун басары: "Аюу айылында жер көчкүдөн жабыркагандарды көчүрүү үчүн жаңы айылдын башкы планы иштелип чыкты"

Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Аюу айылында жер көчкү кырсыгынан жабыркагандарга жер участогун берүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө. Бул боюнча бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Өзгөн районунун акиминин орун басары Алишер Бакышов жаңы айылдын башкы планы иштелип чыкканын билдирди.

"Аюу айылына коңшу жайгашкан Төрт-Көл айыл аймагынан 43,8 гектар жер бөлүнгөн. Бул айыл жер көчкү болгон жерден болжолдуу 30 чакырым узак аралыкта жайгашкан. Бүгүнкү күндө трансформациялоо иштери каралууда. Жаңы жер участогунан 264 кожолукка 8 сотыхтан жер берилет. Буюрса, участок берүү иштери 1 жума аралыгында башталат", - деп билдирди Бакышов.

Алишер Бакышовдун маалыматына ылайык, Жалпак-Таш жана башка кооптуу аймактардагы жашоочулар Кароол жана Кызыл-Октябрь айылдарына көчүрүлөт. Жалпысынан көчүрүлүүчү кожолуктун саны 1840ка жетет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан