ЭЛДИК КАБАРга жооп: Ош шаарынын мэриясы: “Жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен дарыянын ортосуна тосмо 2-3 күндүн ичинде коюлат”

Ош шаарында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол менен дарыянын ортосуна тосмо 2-3 күндүн ичинде коюлат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ош шаарынын мэриясынын басма сөз катчысы Талантбек Канатбек уулу билдирди.

Эске салсак, бүгүн SUPER.KG порталына WhatsApp аркылуу байланышкан окурман: "Ош шаарындагы борбордук базардын жанынан Ак-Буура дарыясы агып өтөт. Жөө жүргүнчүлөр баса турган жолдо тосмонун жоктугу кооптуу абалды жаратууда. Бир тарабынан маршруттук таксилер катташат. Бул жерде мурун соода күркөсү бар эле. 2-3 айдан бери тосмосу жок турат. Эч ким сууга түшүп кетпейт деп кепилдик бере албайт. Тосмону орнотууга ким жооптуу?" - деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан