Бүгүн, 25-майда Ички иштер министрлигинин кызматкерлери жүргүзүп жаткан "акыркы коңгуроо" рейдинин алкагында, унаасына бир нече бүтүрүүчүнү салып алган айдоочуга айып салынды.
"Жол эрежелери тууралуу мыйзамына ылайык, айдоочу унаага ашыкча жүргүнчү салгандыгы үчүн 2000 сом айып пул төлөйт. Эгерде айдоочу убактылуу күбөлүк менен жүргөн болсо, унаасы айып жайга токтотулат", - дешти Патрулдук милиция кызматынан.
5 орундуу Subaru Forester унаасына өзү менен 7 жүргүнчүнү салып алган айдоочунун да күбөлүгү убактылуу болгондуктан, унаасы айып жайга токтотулду. Жүргүнчүлөрдүн алтоо бүтүрүүчүлөр экени белгилүү болду.