Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөргө өтмөк чийилди. Бул тууралуу бүгүн, 25-майда SUPER.KG порталына Мэриянын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысынын орун басары Койчугул Ибраимов билдирди.
"Манас жана Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо максатында Патрулдук милиция кызматынын өкүлдөрү менен биргеликте талкуу жүргүздүк. Жыйынтыгында жолдордун кесилишине жөө жүргүнчүлөр үчүн өтмөк чийдик. Чүй көчөсүнүн жээгине өтмөккө чейин атайын тротуар салынууда", - деди Ибраимов.
Маалыматка ылайык, аталган көчөлөрдүн кесилишиндеги жер астындагы өтмөк 4 айда оңдолуп бүтөт.