Кыргыз-Кытай чек арасы 27-30-майларда жабык болорун Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, чек арадагы "Торугарт унаа жолу" жана "Эркечтам унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү жайлары кытай тараптын демилгеси менен, "Күрүч майрамына" байланыштуу жабылат. Көзөмөл-өткөрүү жайлар 27-30-май күндөрү жабык болот.
"Жарандарды жана унааларды өткөрүү иштери 31-майдан тарта жаңыланат", - деп жазылат маалыматта.