АКШда 17 жылдан бери бала күткөн аял 6 ымыркайды бир төрөдү

17 жылдан бери балалуу боло албай келген аял бир төрөгөндө 6ны төрөдү. Бул тууралуу Washington Post басылмасы жазып чыккан.

Нигериядан Виргиния штатынын Ричмонд шаарына көчүп барышкан Ажибола жана Адебойя Тайво 11-майда 3 кыздуу жана 3 уулдуу болушкан. Эне ымыркайларды кесарево жолу менен жарыкка алып келген. Төрөткө 40 дарыгер катышкан. Дарыгерлердин айтымында, ымыркайлар 30-жумада төрөлүшкөн, абалдары жакшы. Азырынча алар көзөмөлдө болушат, качан чыгарылышары да белгисиз. Ал эми энеси төрөтканадан чыгарылганы маалым болду.

Ымыркайлардын эң кичинекейи төрөлгөндө 500 грамм болсо, эң чоңу 1 килограммдан ашык салмакта болгон.

"Менин балдарымдын эң кичинекейи чоңойгондо "мен ушунчалык кичине болчу экенмин, азыр кандай болуп калганымды кара" деп мага айтат деп үмүттөнүп жатам", - деген эне.

6 ымыркайдын бир төрөлүшү чанда гана кездешет. АКШда 2015-жылы 4 миллион ымыркай төрөлсө, 4 же андан көп болгон эгиздердин төрөлүшү 24 жолу катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
banditka
2017-05-26 08:22:01
МашаАллах!
+12
akzuura
2017-05-26 08:34:12
Бизгеда жуксун жуксун)омурлуу болсун!
+21
omka100514
2017-05-26 08:36:43
Омурлорун, ден-соолуктарын берсин Аллахым.
+10
TalaCSKA
2017-05-26 09:16:16
Анан эсен ден соолугу чын болуп чонойуп кетишсе экен баардыгы
+10
avaz4ikk
2017-05-26 09:24:21
Чону бир клагырам эт кичинеси жарым кылагырам эт тейкенда анда аман болушсун
+5
kanimjan92
2017-05-26 11:09:33
avaz4ikk,килограмм болбосо кг деп жазсан туура болмок
+9
aliakg90
2017-05-26 09:45:25
аман болушсун табийгый жол менен болгонбу жэ эку кылдырышканбы
+4
Ma9
2017-05-26 10:05:11
Омуру менен берсин
+4
mirbek2211
2017-05-26 10:27:51
Кандай сонун бакыт. 17 жыл күтүү , анан жыйынтыгы, сабырдын түбү сары алтын.
+11
datkayimjan
2017-05-26 10:39:49
Оптом тороптур го.
+3
mirkaa5182
2017-05-26 11:00:18
3 уул,3 кыз экен, жакшы бир төрөп кутулуптур да, өмүрүн берсин, азамат.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан