Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Чолпон Султанбекова 25-майда, "Колдон колго" ата-энелер Коомдук бирикмесинин ресурстук борборуна барды. Аталган борбордо аутизмден жабыркаган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө жардам көрсөтүлөт.
Коомдук бирикменин төрайымы Жылдыз Садыкова азыркы тапта "Колдон колго" ата-энелер Коомдук бирикмесинде аутизмден жабыркаган 317 бала бар экенин, алардын көпчүлүгү материалдык абалы оор болгон үй-бүлөлөрдө жашай турганын билдирди.
"Көпчүлүк ата-энелер реабилитациялык дарыланууга каражат төлөй алышпайт. Аутизм менен ооруган балдарды тартибинде дайыма тынчсыздануу болуп тургандыктан жана мектепте социалдык коммуникативдик керектүү муктаждыктардын жоктугунан улам мамлекеттик билим берүү мекемелерине алышпайт. Мындан сырткары мугалимдер менен тарбиячылар да мындай балдар менен иштөөгө даярдыгы жок", - деди Жылдыз Садыкова.
Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова ресурстук борбордогу балдардын шарты менен таанышып чыккан соң, "Проект ХОУП" кайрымдуулук уюмунун атынан 4 атайын балдар үчүн коляска тапшырды. Аталган коляска аутизм менен ооруган балдарды башка балдар менен сүйлөшүп, аларга көнүшүнө жакшы жардам берет.
Белгилүү болгондой, ресурстук борбордун имаратында сабактар өтүп турат. Арт-терапия, музыка, физикалык жана эмгек терапиясы, сенсордук интеграция, мектепке даярдык жана ата-энелерди окутуу сабактары күн сайын өткөрүлөт. "Колдон колго" ата-энелер Коомдук бирикмесинин имараты 2016-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык мэриясы тарабынан берилген. Бирикме 2012-жылы түзүлгөн. Ал аутизм менен ооруган балдарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө колдоо көрсөтүүчү жалгыз уюм болуп эсептелет.