Муфтият: "Рамазан айы 27-майда башталат" (календарь)

Быйылкы Рамазан айы эртең, 27-майда башталат. Бул тууралуу Муфтияттын басма сөз кызматы билдирди.

"Кечээ асмандын бүркөө болгондугуна байланыштуу ай көрүнгөн жок. Ошондуктан үстүбүздөгү Шаабан айын 30уна толуктап 27-майды Рамазан айынын биринчи күнү деп жарыялайбыз. 26-майдан 27-майга караган түнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 03:16да ооз бекилип, орозо кармалат. Ал эми тарабих намазы 26-майдан тарта бардык мечиттерде окула баштамакчы. Калган аймактар орозо календары боюнча ооз бекитишет", - деп айтылат маалыматта.

Орозо кармагандар үчүн SUPER.KG порталынан календарь

Өлкөнүн аймактарындагы убакыттын Бишкек шаарынан жана Чүй облусундагы аймактардан айырмачылыгы:

Каракол-10 мүнөт эрте;
Балыкчы-5 мүнөт эрте;
Нарын-6 мүнөт эрте;
Талас-8 мүнөт кийин;
Ош-12 мүнөт кийин;
Чоң-Алай-17 мүнөт кийин;
Токтогул-10 мүнөт кийин;
Жалал-Абад-15 мүнөт кийин;
Кадамжай-20 мүнөт кийин;
Чаткал-25 мүнөт кийин;
Баткен-25 мүнөт кийин;
Исфана-30 мүнөт кийин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Krai
2017-05-26 10:13:44
Орозонуздар кабыл болсун урматтуу момун мусулман бир туугандар
+15
Bolunbo.kyrgyz
2017-05-26 10:20:30
Орозтбу
-7
Myrzaw98
2017-05-26 11:48:42
келе жаткан рамазан айы куттуу болсун орозонордуу Аллахым кабыл кылсын рамазан айы эли жерибизге тынчылык алып келсин ар бир уй булоого бакыт ар бир уйдо ымыркайдын уну чыгып турсун бир туугандарыныз коз алдынарда кулуп жайнап отурсун орозонор кабыл болсун кыргыз элим супер инфо жана super.kg жаматы силерге да Аллахым иштеринизге ийгилик берсин 1000 жылдык гезит болгула
+1
rysik79
2017-05-26 11:51:06
Ыйык рамазан айы кут болсун
+2
admin_portal
2017-05-26 12:20:20
Muslim_KGstana., порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер portal@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек.
-1
Girl1996
2017-05-26 13:13:21
Аллах үчүн, чын ыкыластан кармалган орозолорду Аллахым кабыл кылып, кыямат күнү кутулгандардан болууну насип этсин туугандар
+4
Firdaus-Muslim
2017-05-26 14:55:52
Кирип келген «Ыйык Рамазан» айыңыздар кут болсун мусулман ата-эне, ага-ини, эже-сиңди бир туугандар!
+1
jooshbala
2017-05-26 16:12:22
Урматту супер инфо ушул ооз ачуу жана бекитуунун арабча жазылган дуасын жазып коюнуздарчы, мен интернеттен таппай жатам . Эртерээк . Алдын ала рахмат . Ким билсе жазып койгулачы же купуяма шиликиесин
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан