Таанымал саякатчы Чокан Валиханов Ысык-Көл өрөөнүндө жашаган беймаалым манасчыдан "Манас" эпосунун үзүндүсүн 1856-жылы 26-майда жазып алган. Чокан Валиханов жазган "Манас" эпосу бүгүнкү күндө өзүнчө оригиналдуу вариант болуп эсептелинип, эпостун алгачкы кол жазмаларынан деп саналат. Валиханов "Манас” эпосун өз атынан атап, ага көркөм чыгарма катары мамиле кылып, эл турмушунан алган орду менен маанисин баалаган, чыгарманы тарыхый-адабий талдоодон өткөрүп, каармандарына мүнөздөмө берген, тексттерин кагаз бетине түшүрүп, башка тилге которгон биринчи окумуштуу болгон.
26-майга карата жылнаама.