16-17-май күндөрү Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик өкмөттөрү аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны болот. Жыйынга Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов баш болгон кыргыз делегациясы катышары күтүлүүдө. Анда эки өлкөнүн кызматташтыгына байланышкан маанилүү маселелерди талкуулоо пландалган.