"I belong to you" ыры менен белгилүү болгон америкалык ырчы, рок-музыкант Ленни Кравиц 53 жашка чыкты. Ал 1964-жылы 26-майда Нью-Йоркто туулган. R'n'B стилиндеги музыкант Ленни Кравиц ырлардын автору, продюсер, аранжировкачы. Ал 1998-2002-жылдары катары менен 4 жолу "Грэмми" сыйлыгына ээ болгон. Ырчылыктан сырткары өзүн актёр катары сынап, бир катар тасмаларда роль жараткан.
Жеке жашоосу
1987-жылы Ленни Кравиц актриса Лиза Бонеге баш кошкон. Бир жылдан кийин түгөйлөр Зои аттуу кыздуу болушкан. Зои учурда белгилүү ырчы, актриса жана модель. 1993-жылы Ленни Кравиц жана Лиза Боне ажырашып кетишкен.
Кийин ырчы белгилүү айымдар Мадонна, Натали Имбрулья, Кайли Миноуг, Наоми Кэмпбелл, Адриана Лима, Ванесса Паради, Николь Кидман, Мишель Родригес, Стелла Маккартнилер менен мамиле кургандыгы айтылган.
26-майга карата жылнаама.