SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Кыздар өзүнөн кичүү балага турмушка чыгышабы?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Өзүмдөн бир жаш кичүүлөрдү инимдей эле көрөм. Сүйүп көрө элекмин, бирок кичине баланы сүйүп калганымды элестете албайм".
"Мен керек болсо бир жаш улууларды инимдей көрчүмүн. Тагдырдын буйругу экен, теңиме эле тийип калдым. Өзүнөн 10 жаш улуу кыздарга үйлөнгөндөргө деле каршы эмесмин. Анткени Мухаммед пайгамбарыбыздын жубайы Хадижа 40 жашта болгон. Ошондо 15-20 жаш улуу болуп калат экен. Шариятта өзүнөн улуу аялзаты менен же эркек менен никелешүүгө тыюу салынган эмес".
"Абысыным кайнагамдан 2 жаш, жеңем да акемден 2 жаш улуу, дагы эки аяшымдын аялдары өздөрүнөн бир жаш улуу, классташ курбумдун жолдошу эки жаш кичүү. Деги койчу, ушундай эле адамдар үй-бүлө куруп, чырактай балдарды тарбиялап, сонун эле жашап жатышат. Демек, айырмасы жок".
"Ээ, досyм, улуунуку улуудай болот экен, мен өзүмдөн 3-4 жаш улуу кыздар менен сүйлөшүп көргөм, ойлoгoнуңдай мамиле жасашпайт экен. Кoлдoн келишинче жаш кыздардан эле карай бер".
"Сүйүү жашка карабайт. Жүрөккө буйрук бере албайсың. Кечээ жакында ушул SUPER.KG'ден эле окудум. Кайсы бир мамлекетте 31 жаштагы жигит 91 жаштагы кемпирди сүйүп калыптыр. Эми жакында үйлөнөт экен. Өзүң менен теңге үйлөнсөң да, өзүң менен барабар айтышат, улуусу жарытмак беле. Эми ал жагы алган кыздан, анан өзүңдөн эле болсо керек".
"Жолдошум экөөбүздүн айырмабыз төрт жыл, ал менден кичүү. Бийликти алдырбай эле, кичинекей болбой эле жашап келе жатабыз. Эң башкысы өзүң намыстуу, эрктүү болсоң, канча жаш улуу болсо деле баш ийип берет. Канча кичүү болуп алып баш ийбегендер толтура".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.