Бүгүн, 26-майда белгилүү ырчы Жийдеш Идирисованын үйүндө наристе үнү жаңырды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге ырчынын жолдошу, продюсери Андрей Доргай билдирди.
"Бүгүн эртең менен кыздуу болдук. Учурда наристенин да, Жийдештин да абалы жакшы. Маанайыбыз эң сонун. Кимге окшош десем, 50 пайыз мага, 50 пайыз апасына окшош", - дейт күлүп Андрей Доргай.
Жийдеш Идирисова экинчи ирет эне статусуна ээ болуп жатат. Ырчынын 11 жаштагы Севара аттуу кызы бар.