Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткырылган 5 жаштагы Нуркыз Сыдыкованын каза болушу боюнча кызматтык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 26-майда SUPER.KG порталына Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Алар толук маалыматты комиссиянын иши жыйынтыкталгандан кийин бере тургандарын айтышты.
Эске салсак, 23-майда Бишкектеги №3-балдар ооруканасына жаткырылган 5 жаштагы Нуркыз Сыдыкова көз жумган. Анын агасы Изат Сыдыков карындашынын каза болушуна дарыгерлер күнөөлүү экенин айткан. Сыдыковдун билдиришинче, аталган оорукананын Неврология бөлүмүнө 19-майда келип түшкөн кызга дарыгерлер 4 күн бою так диагноз коё алышкан эмес.