Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда тосмо дубалдар туура эмес орнотулганын SUPER.KG'ге аталган жолду тейлөөчү ишканасынын кызматкери Амалбек Жолдошов билдирди.
"Катуу шамал болгон сайын тосмо дубалдын астынан жолго кумду үйүп, бизге түйшүк жаратууда. Буга чейин дубал жокто кумдар жолго чейин чачылчу эмес. Күндө эртең менен шыпырып тазалап кетебиз, кайра эле эртеси шамал жолго кумду үйүп салып жатат. Кышкысын дубалдын көлөкөсүнөн кар эрибей, жолго муз тоңуп айдоочуларга да кооптуу абал жаратууда", - дейт Жолдошов.
Эскерте кетсек, Бишкек-"Манас" аэропорту жолуна былтыр төшөлгөн асфальттан 40тан ашык жаракалар пайда болгон.