Министрлик: "Бишкек-"Манас" аэропорту жолундагы жаракалар жолду кургандар тарабынан оңдолот"

Бишкек-"Манас" аэропорту жолунда пайда болгон жаракалар боюнча аткаруучу ишкана жооп берет. Азырынча жол мамлекеттин эсебине өтө электигин SUPER.KG'ге Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз катчысы Кылычбек Досумбетов билдирди.

"Манас" аэропортунун жолун "Технотоп" жоопкерчилиги чектелген коому капиталдык оңдоодон өткөргөн. Мен ишкананын башчысы менен байланышсам, ал жолдогу мүчүлүштүктөр тууралуу жазылган актыларды алышканын, 2017-жылдын ноябрь айына чейин жасалбай калган жумуштарды бүтүрүшөрүн айтты. Эгерде аткаруучу тарап жолду толук калыбына келтирбесе, "банктык кепилдиктеги" акчасын бербейбиз", - деди Досумбетов.

Эске салсак, өткөн жылы толук капиталдык оңдоодон өткөн "Манас" аэропортунун жолундагы асфальттан 40тан ашык жаракалар пайда болгонун аталган жолду тейлөө ишканасынын башчысы Шаршен Исмаилов кабарлаган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
wwwbaxa
2017-05-26 15:37:54
ушинтип жамап олтуруп ушул күнгө келбедикпи.бир эки жамап туруп кутулуп кетет да.ошону менен унутулат!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан