Бүгүн, 26-майда “ИскаСтрой” курулуш компаниясынын кардарларынан түзүлгөн топтун жетекчиси Жылдыз Идинова аталган компанияга 2013-жылы турак үйдүн курулушуна каражат беришкени менен, учурда үйсүз жүрүшкөнүн, каражаттарын кайтара албай жатышканын кабарлады.
Анын айтымында, 120дай адам Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан көп кабаттуу үйдөн батир алуу үчүн каражат төлөшкөн. Үй 2015-жылдын аягында бүтмөк.
"Андан бери 2 жыл өтсө да, үйдүн жарымы да курулуп бүтө элек. Турак үй болгону 9 кабаттан турса да, айрымдарга 10-кабаттан батирлер сатылганы маалым болду", - дейт Идинова.
Курулуш компаниянын дагы бир кардары Роман Красавцевдин айтымында, алар курулушу токтоп калган үйдүн жалпы куруу баасынын 80 пайызын төлөшкөн.
“Биз бийликтен укугубузду коргоп, Нарынбек Сариевден акчабызды кайтарууга көмөктөшүүсүн талап кылабыз. Биздин жашаганыбызга же үйүбүз жок, же акчабыз жок”, - дейт дагы бир кардар Байдилде Бүбүзейнеп.