КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушту

Бүгүн, 26-майда КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчылары тар чөйрөдө жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Жыйында Кыргыз мамлекетинин премьер-министри Сооронбай Жээнбеков катышты. Жыйын Татарстандын Казань шаарында өтүүдө.

Анда көз карандысыз мамлекеттер шериктештигиндеги өлкөлөр ортосундагы кызматташуу тууралуу актуалдуу маселелер талкууланды.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында – вице-премьер-министр Олег Панкратов, Кыргыз мамлекетинин Орусиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Болот Отунбаев, өлкөнүн КМШ уставдык органында туруктуу ыйгарымдуу өкүлү Кубанычбек Өмүралиев, маалымат технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев, өкмөттүн аппаратынын жетекчисинин орун басары, Евразия экономикалык биримдигиндеги өкүлү Санжар Уметалиев, премьер-министрдин кеңешчиси Нурсулуу Ахметова жана башкалар бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан