Кыргызстандын түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча унаа жолун куруу кажет. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев 14-майда КРны туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында айтты.
"Бюджетте акча жокто мындай жол куруунун эмне кереги бар деген сындарды көп угам. Курула турган кошумча унаа жолу Кыргызстандын коопсуздугун камсыздайт. Өлкөнүн биримдигин бекемдейт, бул долбоорго насыя алгандан коркпошубуз керек. Кыргызстан бирдиктүү аймак бойдон калышы маанилүү",- деди мамлекет жетекчиси.
Айта кетсек, 14-майда Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйыны өтүүдө. Анда өлкөдө таза шайлоолорду өткөрүү, жогоруда аталган стратегияны ишке ашыруудагы өкмөттүн аракеттери, түндүк менен түштүктү бириктире турган кошумча унаа жолдун курулушу боюнча маселелер каралууда.