Залкар актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейинен фоторепортаж

Кечээ, 26-майда Бишкекте залкар актёр, сүрөтчү Сүймөнкул Чокморовдун үй-музейи ачылды. Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги музейге анын тарткан сүрөттөрү, колдонгон буюмдары, музыкалык аспаптары, чет өлкөлөрдөн алган белектери, грамота, сыйлыктары коюлуп, анын өмүр баяны тууралуу кенен маалымат жазылган.

Үй-музейдин ачылышына Бишкек шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, маданий ишмерлер, Сүймөнкул Чокморовдун агасы Сүйөркул Чокморов, жеңеси, бир тууган эжеси, "Жамийла" киносунда Сейиттин ролун аткарган актёр Назрет Дубашев жана башкалар катышып, актёрду эскерип, ал жөнүндө айтып берип жатышты.

Жакындарынын айтымында, улуу актёр адамгерчиликтүү, жөнөкөй, жумшак мүнөз, ачуусун сыртка чыгарбаган адам болгон. Анын жеңеси Карачач Чокморова: "Сүймөнкулдай талант бир жаралат. Дайыма калпагын башынан түшүрбөй, үстүнө кемсел кийип жүрчү. Канча сыйлык алып, атагы дүйнөгө тараса да элден уялып, боюн көтөрчү эмес. Ал үйгө келгенде майрам болчу эле, дайыма жайдары маанай менен кирип келчи. Мен жаңы келин болуп келгенде көшөгөдө отурсам, ал жаныма келип күлдүрүп, жеңелеринин кыймыл-аракеттерин туурап баштады. Көшөгөдө отурганымды унутуп, кино көрүп жаткандай болуп катуу күлүп салыптырмын. Бир убакта жеңем келип "сен келинсиң, тынч отур" деп токтоткон", - дейт күлүп.

Кыргыз киносунун тарыхында “Эң мыкты эркек актёр” наамын 4 жолу алган жалгыз актёр жана даңазалуу сүрөтчү Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган. Ал жаштайынан эле атка минүүнү, ат таптоону жана комуз чертүү өнөрүн атасынан үйрөнүп алган. Мунун натыйжасында ал ат үстүндөгү ролдорду мыкты аткара билген. Чокморовдун бөйрөгү ооругандыгына байланыштуу өмүрүндө 55 жолу операция жасалган. Оорусуна карабастан, актёр кинодогу ролдорун дублёрсуз-каскадёрсуз ойногон. Кыргыздын тарыхында өчпөс из калтырган белгилүү инсан 1992-жылы 53 жашында оорунун айынан дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
ainur78007
2017-05-27 09:50:12
Адресин жазып койгулачы,биз да баралы
+1
kanatbekabytovich82
2017-05-27 10:17:39
Залкар талант....Азыркы кыргыздын актермун дегендеринин киносун коргондо итиркейин келет,жасалма...Бул инсандын жадагалса ичегилери да шланга болгон экен...Жана дагы волейболду эн жакшы ойнойт эле дешет...
Жайыныз жаннаттан болсун!!!
+5
KyrgyzKagan
2017-05-29 04:49:10
Кыргыз ону Суймонкулдун онундой.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан