Түндүк менен түштүктү бириктирген кошумча унаа жолун куруунун 3 варианты сунушталууда
Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн бириктирген кошумча унаа жолдун курулушуна 700 миллион сомдой каражат жумшалат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов 14-майда КРны туруктуруу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынында билдирди. Министр билдиргендей, аталган жолду куруунун 3 варианты каралып жатат. Биринчиси Бишкек - Кочкор - Арал - Казарман - Жалал-Абад багытында. Узундугу 589 чакырым болмокчу. Экинчиси Бишкек - Сокулук - Арал - Казарман - Жалал-Абад, узундугу 463 чакырым. Ал эми үчүнчүсү Бишкек - Кубакы - Кочкор - Нарын - Баетов - Кош-Дөбө - Казарман - Жалал-Абад, узундугу 760 чакырымды түзмөкчү.