Бүгүн, 26-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргыз жарандарын Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.
“Бүт дүйнөдөгү мусулмандар күткөн Орозо – тазалануунун, асыл ниеттер менен үмүттөрдүн, кайрымдуулук менен соопчулуктун айы. Бул айда араздашкандар өз ара жарашышат, бири-бирин кечиришет, кыйналгандарга каралашып, жашоосуна үмүт отун жагышат. Адамдын түйшүгү, санаасы эч качан бүтпөйт. Ушул айда күнүмдүк көр тириликтен бойду жыйып, өмүрдүн маани-маңызы жөнүндө ой толгойлу. Бул жарыкчылыкка келгендеги максатым эмне, жакындарыма, эл-журтума жардамым тийип жатабы деп өзүбүзгө суроо берели. “Жакшы ой адамды жашартат, жаман ой адамды картайтат” дейт элдик нуска, демек, көөдөндү жаман ойлордон тазалайлы. Ар бир адамдын ою тазарса, бүт коом, бүт өлкө тазарат, өсүп-өнүгөт”, - деп жазылат куттуктоодо.