КҮНСЕРЕП: Бишкектин "кычкылтегин бууган" #АлбекДровосек

Бүгүн, 26-май. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Президенттикке талапкерлердин катарын Ахматбек Келдибеков толуктай турган болду. Кудум Кокон хандыгындагы замандай кичи мекени Алайда аксакалдар ак боз атка мингизип, чепкен жаап, бата берип жарышка аттандырышты. Келдибековду саясаттагы өнөктөшү Камчыбек Ташиев Алайга коштоп барган. Ахматбек Келдибеков, Адахан Мадумаров жана Камчыбек Ташиев "биз бириктик, президенттик шайлоого үчөөбүздүн бирибиз чыгабыз", - деп элге бир жыл мурун жарыялашкан. Бирок бул үчилтиктин келечегине ишенгендер ошондо эле аз болгон.

Президенттик дымак үчөөндө тең бар, негизги атаандаштарды басып өтүүгө үчөөндө тең жетиштүү каражат жок, шайлоого чейин эле ажырым жолго түшүүлөрү мүмкүн. Бул үчилтикке карата мындай жоромолдор көбүрөөк айтылган болчу. Бул жоромолдорду тастыктап, Жалал-Абад, Баткен облустарында эл менен жолугушууларды өткөрүп жүргөн Адахан Мадумаров Ахматбек Келдибековдун президенттикке аттанганы тууралуу кабары жок экенин билдирди. Деген менен Ахматбек Келдибеков оппозициялык блокту бириктирип, бирдиктүү талапкер катары чыгары күмөн. Анын соттуулугу жоюла электиги да тоскоол болот. Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Социалдык фонддун мурдагы башчысы Ахматбек Келдибеков "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "коррупция" беренелери боюнча соттолуп, мамлекетке 10 миллион сом төлөп берген.

Адахан Мадумаров учурдагы саясатчылардын арасынан биринчи болуп президенттик жарышка баруу ниетин билдирген. Эми Келдибеков кичи мекенинде бата алып жатат. Бакыт Төрөбаев, Ахматбек Келдибеков, эми Мадумаров дагы жарышка аттанса, анда оппозиция добуш топтобой эле, шайлоочулардын добуштарын чачыратканы калды...

Бишкектин тургундары дарактардын кыйылып жатканына нааразычылык билдирип мэриянын алдына чогулушту. Алар мэрия бактарды кыюуда негизсиз иш алып барып жатканын айтып, тез арада бул аракеттерди токтотууну талап кылышууда. Митингчилер шаардык мэрия жашоочулар менен кеңешпей, жолдорду кеңейтүү шылтоосу менен бактарды кыйып жатканын айтышты. Бишкек шаарынын вице-мэри Эркинбек Исаков чирип, куурап калган дарактар кыйылып жатканын билдирди. Ал калың карды көтөрө албай унаалардын үстүнө кулаган учурлар катталганын айтып, дарактар адамдын коопсуздугу үчүн кыйылып жатканын белгиледи.

Бир нече күндүн ичинде Киев көчөсүндөгү дарактар жок кылынган. “Жашылдандыруу” ишканасы 7 миңдей дарактардын кургап калганын, авариялык абалга келгенин билдирди. Бирок аталган ишканада дарактардын авариялык абалын аныктоочу жабдык жок. Мэрия кыйылган дарактардын ордуна башка көчөттөр отургузула турганын айтып жатат. Маалым болгондой, 51 миллион 350 миң сомго көчөт алуу пландалууда.

Эколог, шаардык кеңештин депутаты Эмил Шүкүров шаарды көрктөндүрүү үчүн отургузулган бадалдар карагайлардын ордун баса албайт деген пикирде. Жыл башынан бери борбор калаада 800дөй дарак кыйылганы белгилүү болду. Мындан тышкары 7 миңдей бак-даракты кыюу пландалып жатат. Бул аракеттер жолдорду кеңейтүү жана унаа токтотуучу жайларды куруу үчүн болуп жатканы айтылууда. Ал эми шаар тургундары нааразычылык билдиргени менен, азырынча натыйжа боло элек.

Эксперттер бак-дарактардын саны кескин кыскарып кеткенин айтып жатышат. Бир адам үчүн 21 чарчы метр жашыл аянт болушу керек, бирок учурда ар бир жашоочуга 3,5 чарчы метр аянт туура келип жатат. Дарактарды кыйышы менен эсте калганы үчүн шаар тургундары өз ара мэр Албек Ибраимовду Албек-Дровосек деп атап алышкан.

Мурунку мэр Кубанычбек Кулматов жолдогу аңдар менен эсте калган сыяктуу Албек Ибраимов шаардын жашыл фондун жок кылуучу катары аталып калды. Ошентип Бишкекте бизнес менен калаа тургундарынын ден соолук коопсуздугу тирешкен абалда...

Өткөн жылы толук капиталдык оңдоодон өткөн "Манас" аэропортунун жолуна төшөлгөн асфальттан жаракалар пайда болду. Жол тейлөө кызматынан курулуп бүткөндө эле жолдун кемчиликтери тууралуу акт түзүлүп, ал жолду салган "Технотоп" компаниясына жөнөтүлгөнү айтылды. Быйыл апрель айында жолдун чыгыш тарабынан эле 40тан ашык жаракалар пайда болгондугу тууралуу дагы акт түзүлгөн. Жолду оңдогон ишкана жаракаларды ушул жылдын ноябрь айына чейин оңдоп бермей болду.

Буга чейин баш калаадагы Түштүк Магистралдагы жолдордун оңдолгондон көп өтпөй бузулганы да нааразычылыктарды жараткан. Оңдоп-түзөөдөн өткөн жолдордо 1-2 жылда оюктардын пайда болушу аймактарда дагы катталган. Нарын шаарындагы негизги жолдун курулушунан көп убакыт өтпөй жолдор бузула баштаганы да айтылган эле.

Оңдолуп, колдонууга берилген жолдордун бузулушу өткөн аптада парламентте дагы көтөрүлгөн. Депутат Сайдулла Нышанов башка мамлекеттерде таманташ, жээкташ 100 жыл мурун салынса, азыркыга чейин абалы жакшы экенин белгилеп өткөн. Өлкө аймагындагы жолдордун абалы Транспорт жана жолдор министрлигинин көзөмөлүндө. Оңдоп-түзөөдөн өтүп же жаңы салынгандан кийин министрлик талапка жооп бербеген жактарын кайрадан аткартпай кабыл ала беришет. Жыйынтыгында миллиондор сарпталып курулган жолдор 1-2 жылга жетпей иштен чыгып, кайрадан оңдоп-түзөөлөргө муктаж болуп чыга келет...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан