Орусиялык куудул, алып баруучу Максим Галкин мекендешибиз Тилек Алтымышовду өзү алып барган “Лучше всех” телеберүүсүнө чакырды. Бул тууралуу SUPER.KG‘ге эжеси Мадина Курманалиева билдирди. Анын айтымында, аталган телеберүүгө катышуу сунушу Тилекке ушул жылы февраль айында түшкөн. Бирок ага 13 жашка чейинкилер эле катыша алгандыктан, (Тилек 2016-жылы декабрда 13кө толгон) уюштуруучулар көнбөй, телеберүүгө катыша албай калган.
“Тилек “Лучше всех” телеберүүсүнө катышам деп кыялданып алган. Максим Галкиндин 14-майда Бишкекте өткөн концертинде иним таякчалардан өзү жасаган буюмдарды белек кылып, аны менен сүйлөшкөн. Ошол жерден Галкин кайрадан телеберүүгө катышууну сунуштады. Ал эми жаш курагы бир аз улуулук кылып калганын айтсак, ал Орусиянын "Биринчи каналынын" жетекчилиги менен сүйлөшөрүн билдирди. Эми биз ишенип күтүп жатабыз. Тилек телеберүүгө чыгып, өзүнүн өнөрүн көрсөтөт деп кыялданып жатабыз”, - деди Мадина Курманалиева.