Депутат Токон Мамытов Ак үйдүн постунда турган жигиттердин тарбиясына нааразы болду

Бүгүн ЖКнын депутаты Токон Мамытов Ак үйдүн постунда турган жигиттердин тарбиясына, кызматтык ордунда өзүн алып жүрүүсүнө нааразычылыгын билдирди. Ал Ак үйдө постто турган УМККнын 9-башкармалыгынын жигиттерин мисал кылып, алардын кызматтык этиканы билбей турганына токтолду. Анын айтымында, посттогу жигиттер Ак үйгө кирип чыккан жарандар, ал тургай депутаттар менен да отурган жеринен саламдашып, айрымдары бейкапар кыздар менен сүйлөшүп турат. "Аларга ар бир депутаттын сүрөтүн бериш зарыл, бул Мамытов, бул Кулов деп. Ар бир постто турган адам милдеттүү түрдө өзүн тааныштыруу керек "Жолдош депутат, мен Иванов, сырткы текшерүүгө алууга уруксат этиңиз" деп. Алар өзүн тааныштырууга да жарабайт. Бул кызматтык инструктаждын, тартиптин жоктугу" деди депутат. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан