Сан-Францискодо дүйнөнүн эң кооз көпүрөлөрүнүн бири “Алтын дарбаза” ишке кирген. Көпүрөнүн курулушу 1933-жылы 5-январда башталып, 4 жылга созулган. Анын узундугу 2737 метрди, ал эми салмагы 894 500 тоннаны түзгөн. Ал суунун үстүндө 227 метр бийиктикте өтөт, ал эми суунун деңгээли көтөрүлгөн маалда бул аралык болгону 67 метр болот.
1937-жылы 27-майда эртең мененки саат 6да "Алтын дарбаза" көпүрөсү жөө жүргүнчүлөр үчүн ачылган. Алгачкы 12 саат ичинде көпүрөдөн жөө адамдар гана баса алса, эртеси АКШнын ошол убактагы президенти Франклин Рузвельттин жарлыгы менен автоунаалар жүрө баштаган.
"Алтын дарбаза" өз жанын кыйгандардын көпүрөсү катары да таанымал. Эң алгачкы жолу бул көпүрөдөн боюн таштаган Биринчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу Гарольд Уоббер болгон. Ал көпүрө ачылганына 3 ай болгондо сууга секирген. Жанын кыйгандардын саны 1995-жылы 1000ден ашканда аларды саноону токтотушкан. 2014-жылдагы маалыматтар боюнча, жанын кыйгандардын саны болжол менен 1600гө жеткен. Айрымдарынын денелери, суунун агымы менен деңизге чыгып кетип табылбай калат. Жыл сайын Калифорниянын патрулдук кызматкерлери 70тей адамды өз жанынан кыюудан сактап калышат. 75 метр бийиктиктен секирүү болгону 4 секундга уланат, адам сууга саатына 100 километр ылдамдыкта түшөт.
Секиргендердин арасында тирүү калгандар да бар. 1985-жылы 16 жаштагы бала секирип, аман калып жээкке чейин өзү сүзүп барган. Анын алгачкы сөздөрү "мен эч нерсени тыңгылыктуу жасай албайм" болгон. Ал эми 1988-жылы көпүрөдөн секирген кыз тирүү калып, аны куткарып калышкан. Дарыланып бүткөн соң ал кайра келип секирген, бирок бул ирет каза болгон.