Бүгүн, 27-майда айрым жергиликтүү маалымат агенттиктери вице-премьер-министр Чолпон Султанбекованын 26-майда Кадамжай районунда жол кырсыгына кабылып, колунан жаракат алганын жазып чыгышты. Бул маалыматты Баткен облустук ички иштер башкармалыгы жана Кадамжай райондук ооруканасы тастыктаган жок.
"Чолпон Султанбекова бара жаткан унаа эч кандай кырсыкка кабылган жок. Анын алдында бара жаткан унаа кырсыкка кабылган. Жабыркагандар вице-премьер-министрдин унаасы менен ооруканага жеткирилген", - деп билдиришти Баткен ОИИБинен.
Ал эми Өкмөттүн басма сөз кызматы Чолпон Султанбекованын жол кырсыгына кабылбаганын, азыркы тапта эл менен жолугушуп жүргөнүн билдиришти.