Австралиянын Сидней шаарында жыл сайын өтүүчү Vivid Sydney фестивалы кечээ, 26-майда башталды. Фестивалдын алкагында жарык боюнча дизайнерлер шаарды түрдүү түстөргө боёшту. Иш-чаранын өзгөчөлүгү шаар имараттарынын, белгилүү Сидней опера театрынын бетиндеги арт-проекциялар.
Фестиваль 17-июнга чейин уланып, технологияларды жана искусствону бириктирген сүрөттөй болот. Бул көрүнүшкө күбө болгондор шаарда көп убакка кармалышарын айткан мэр. 2016-жылы фестивалга 2,31 миллион адам келгени маалым болду.